“Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына өгөй ата эки кызын сабаганын жазып чыкты.
«Мага 9 жана 10 жаштагы кыздардын апасы кайрылды. Кыздардын өгөй атасы аларды түнү менен сабаган экен. ал эми милиция аны эркиндикке чыгарып коюптур»,- деп жазып, сүрөт менен бөлүштү.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБгы маалымат берди.
«Учурда 1990-жылы туулган К.И. аттуу жаран райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, кийин негизги материалдар боюнча чечим чыгаруу үчүн Бишкектин Ленин райондук сотуна жөнөтүлөт»,- дешти.
Ошондой эле Бишкек ШИИБ үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып же күбө болуп калсаңыздар төмөнкү телефондорго чалууну суранышты: 0(701) 700-251 (WhatsApp), 0(312) 43-71-75 же 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуру аркылуу.
