Газ баллондору жүктөлгөн жүк ташуучу унаа күйүп кеткен (видео)

Бүгүн, 2-февралда Сокулук районунда болжол менен саат 04:30 чамасында газ баллондору жүктөлгөн жүк ташуучу унаа күйүп кеткен. Жалын жанындагы кафеге чачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де Чүй облусу боюнча Сокулук райондук 2 өрт өчүрүүчү эсеби тартылды.
Өрт саат 06:05те өрт чектөөгө алынды», — деп жазылат билдирүүдө.

Жабыркагандар жок. Кафенин күйгөн аянты болжол менен 230 чарчы метрди түзөт.

2 Февраль 2025 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча