Гондураста учак кулап, адамдар каза болду

Гондураста учак кулап, кеминде 6 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС La Prensa басылмасы жазганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 33 жүргүнчүгө ылайыкталган учак деңизге кулап түшкөн. Роатан аралынан учкан учакта 15 киши болгону, алардын алтоо көз жумганы айтылды.

Куткаруу кызматтары тарабынан 10 адам куткарылып, ооруканага жеткирилген.

Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, кырсык механикалык бузуктуктан улам келип чыккан.

18 Март 2025 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча