
«Город 312» тобунун солисткасы, Ая аты менен таанымал Светлана Назаренконун ордуна Диана Макарова аттуу ырчы келди.
Буга чейин,Назаренко коронавирустан улам ден соолугу начарлап, долбоордон кеткени белгилүү болгон.
Ал коронавируска үч жолу чалдыгып, анын ар бири оор өткөн. Жыйынтыгында ырчынын өпкөсү олуттуу жабыр тарткан. Адегенде ал чыгармачыл тыныгуу алып, бир жылдан кийин абалы өзгөрбөгөн соң, топко жаңы ырчынын чакыруу чечими кабыл алынган.
Кечээ, 16-июнда «Город 312» тобунун Инстаграмдагы баракчасында «Ая, айыгып кет. Москва сен үчүн ырдайт. Сен биздин жүрөгүбүздөсүң» деген билдирүү менен коштолгон видео жарыяланды.