Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Москвада машыгууда

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүп, Москвада машыгып жатышат. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Балбандардын эл аралык окуу-машыгуу жыйыны 22-мартта башталган, 3-апрелге чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

55 килограмм — Улан Муратбек уулу;

60 килограмм — Жоламан Шаршенбеков, Акыл Сулайманов;

63 килограмм — Дастан Кадыров;

67 килограмм — Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев;

72 килограмм — Адилхан Нурланбеков;

77 килограмм — Алибек Бердиев;

82 килограмм — Бекзат Орункул уулу;

87 килограмм — Асан Жанышов, Азат Салидинов;

97 килограмм — Үзүр Жусупбеков, Бексултан Махмудов;

130 килограмм — Роман Ким;

улук машыктыруучу — Улукбек Карачолоков;

башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев;

массажист — Улукбек Кыдыкеев;

дарыгер — Данияр Мурасалиев.

29 Март 2024 жыл 9:18

Тема боюнча