Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Тик-Ток» социалдык түйүнү аркылуу өз баласынын өмүрүнө коркунуч жаратып сүйлөгөн келин кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Сүлүктү шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Ж.Г. Ош шаарына 17-февраль күнү тааныштарынын үйүнө келген. Ал өзүнүн түз эфир аркылуу кызына карата жасаган бул кылган мамилесин «хайп кармоо жана күйөөсүн коркутуу үчүн жасаган элем» деп түшүндүрдү.
Ал милиция органдары мынчалык тез реакция жасап, кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады.
Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган кыздын кыймыл-аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берди.