Ичип отурган шеригинин көзүн агыза сабаган жаран кармалды

Ысык-Ата районунда 57 жаштагы кишинин ден соолугуна оор залал келтирип, бир көзүн агызганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 17-августта саат 21:00 чамасында Ысык-Атадагы көлмөдө Я.И. спирт ичимдигин ичип отурган Э.В. менен уруша кетип, шеригинин денесине залал келтирген. 1967-жылы туулган Э.В. көптөгөн жаракаттары менен аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки тергөө иштери башталган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча, жабырлануучу денесинен көптөгөн жаракаттарды алган, анын ичинде сол көзү агып, ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралган.

Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1984-жылы туулган Я.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда.

3 Октябрь 2024 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча