Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган полиция кызматкерлери үчүн гуманитардык жардам жөнөткөнүн билдирди.
50 тонналык жүктүн ичинде биринчи муктаждыктагы буюмдар, дары-дармек, желим өтүктөр, дизелдик жана электр генераторлор, үйлөмө кайыктар, чатыр, матрац, тамак-аш жана жууркан-төшөк бар.