Ички иштер министрлигинде пландык ротацияга ылайык кадрдык өзгөртүүлөр жүргүзүлдү

Ички иштер министрлигинде пландык ротацияга ылайык кадрдык өзгөртүүлөр жүргүзүлдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, өзгөртүүлөр иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана башкаруу потенциалын жогорулатууга багытталган.

Ротация милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүүгө жана кызматкерлердин тажрыйбасын негизги багыттарда колдонууга өбөлгө түзөт.

2024-жылдын 23-декабрындагы КР министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен:

— милициянын полковниги Ногойбаев Азамат Болотбекович ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясынын башчысы кызматына дайындалды;

2024-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен:

— милициянын генерал-майору Абитов Тариель Таштанович ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын полковниги Акпаров Оролбек Абдималикович ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысынын орун басары кызматына дайындалды;

— милициянын полковниги Осмонбеков Алмаз Танышбекович ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын полковниги Кочконов Жолболду Паязбекович Нарын ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович Нарын ОИИБдин башчысы кызматынын бошотулуп, кызмат өтөө курагынын чегине жетиши менен ардактуу эс алууга узатылды.

24 Декабрь 2024 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча