«Ички маселелерди бул жерде айтпасаңыздар». Шакиев депутаттарга кеңеш айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Регламентке жараша иш кылалы. Ички маселелерди бул жерде айтпасаңыздар»,-деп кесиптештерине кайрылды.

«Ошондой маселелер үчүн парламенттин аброюна шек келтирген сөздөр болуп жатат. Өткөн жумадагы сөз сүйлөгөн депутатты көрүп жатасыңар. Өзүңүздөр оолак болсоңуздар», — деди ал.

Өткөн жумада, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова айрым кесиптештерине нааразылыгын билдирген.

«Бизде кээ бир депутат айымдар бар. Жакында эле бирөөсү куран окутуптур. Ал учурда биз каникулда болуп, келе албай калдык. «Куран окутуп келбесең, сенин апаң өлгөндө көрөт элем» деген сөздү мен эч качан айттырбайм. Кесиптештер, бул жерде «чача-пача» деген ушагыңарды токтоткула. Мындан ары бирөөнүн апасына асылганыңарды укпайын», — деген Айдарова.

18 Сентябрь 2024 жыл 13:28

Тема боюнча