ИИМ 13 жыл мурун кримтөбөлдү өлтүрүүгө шектүүнү кармады

2010-жылы Бишкекте унаага ок чыгарып, андагы адамды атып өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

2010-жылдын 12-апрелинде кримтөбөл Максат Карасартов отурган Мазда-626 үлгүсүндөгү унааны белгисиз бирөөлөр аткылап кетишкен. Саат болжол менен 14:00 чамасында Бишкектеги Ибраимов менен Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц унаасындагылар Максат Карасартов башкарып бара жаткан Мазда 626 унаасын аткылашкан. Кылмышкер из жашырган. Ал эми Карасартов алган жаракатынан ошол жерде көз жумган. Аталаган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 

Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Чүйдүн тургуну, буга чейин бир нече жолу соттолгон, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү «Протез» кармалган. Ал Кубанычбек Коноевдин өлүмүнө да шектелип жатат. Ал эми экинчи шектүү да Чүйдүн тургуну болгон. Ал да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, учурунда өлтүрүлгөн. Тергөө уланууда.

14 Декабрь 2023 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча