Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам алыскы аймактарга каттаган айдоочуларга машинесине кышкы дөңгөлөк салууну эскертти.
“Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” көзөмөл өткөрмө жайларынан жайкы дөңгөлөк менен жүргөн автоунаалар өткөрүлбөйт.
“Кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, автоунаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөккө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз”, — деп айтылат билдирүүдө.