ИИМги экстремизмди алдын алуудагы актуалдуу маселелер тууралуу талкуу өткөрдү

ИИМде өткөн семинардын жүрүшүндө экстремизмди алдын алуудагы актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

2024-жылдын 13-февраль күнү Ички иштер министрлигинин демилгеси менен ички иштер органдарынын, сот жана прокуратура аргандарынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча семинар өткөрүлдү.

Бул иш-чара Бишкек шаарындагы “Парк отель” мейманканасында өтүп, ага укук коргоо органдарынын, прокуратуранын, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери, укуктук жана медиа эксперттер катышты.

Семинардын жүрүшүндө экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдө ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык аймактык комиссиянын ишмердүүлүгү, экстремизмди алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар менен биргеликте иштешүүнүн көйгөйлөрү, Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын артыкчылыктуу багыттары боюнча баяндамалар окулуп, андан соң ар бир тармак кызматташууну бекемдөө жөнүндө өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

Башкы уюштуруучусу болгон Ички иштер министрлигинен Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары М. Абдыкулов сөз сүйлөп, эки күндөн бери өтүп жаткан иш-чара экстремизмди алдын алууда өз салымын кошоорун жана жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоого арналганын баса белгиледи.

Андан соң, экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдө ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча кенен маалымат берилип, бул багытта козголгон кылмыш иштерине талдоо жүргүзүлдү.

Ошондой эле, экстремизмге каршы көрүнүштөрдүн жана ошондой эле улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу максатында мамлекеттик органдар, бейөкмөт жана диний уюмдар менен биргеликте республиканын бардык аймагын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери кыдырышып, эл арасында түшүндүрүү иштерин, тегерек столдорду, семинар-тренингдерди, конференцияларды өткөрүшкөнү айтылды.

Ошондой эле, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында эскертмелер, буклеттер таратылган.

Өз кезегинде укуктук жана медиа эксперттер дагы өздөрүнүн пикирлерин билдиришип, экстремизмди алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин билдиришти.

Жарандардын бул багытта сабаттуулугун жогорулатууда ЖМКнын өкүлдөрүн дагы тартуу, алар экстремизмди жана терроризмди алдын алуу маселесин чагылдырууда одоно кемчиликтерди кетирип албоолору үчүн аларды дагы окутуу керектиги сунушталды.

Андан сырткары, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга жарандардын азгырылып кетүүлөрүн алдын алуу үчүн социалдык тармактарды туура колдонууну үйрөтүү замандын талабы экендигин билдиришти.

Бүгүнкү иш-чаранын аягында катышуучулар анкеталарды толтуруп, семинар жемиштүү аяктады.

Белгилеп кетүүчү жагдай, Ички иштер министрлиги тарабынан экстремизмди жана терроризмди алдын алуу максатында бардык мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү менен биргелешкен иш-чаралардын пландары иштелип чыгып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


13 Февраль 2024 жыл 17:25

Тема боюнча