Икрамов «малдан айырмасы жок болуп калган» айдоочуларды жазалоону сунуштады

Депутат Тазабек Икрамов унаада кетип бара жатып, жолго түкүрүп, таштанды ыргыткан айдоочуларды «малдан айырмасы жок болуп калды» деди.

«Бишкектин ортосунда унаада кетип бара жатат. Эшигин ачып балчыйтып жолго түкүрөт. Айнектен таштанды, тамекинин бүчөгүн ыргытт. Буларга чара көрбөсө болбой калды», — деди ал.

Анын айтымында, ушундай ишти кылгандарды видеого тартып алган жарандарга сый акы берүү керек.

Теги:
20 Февраль 2024 жыл 12:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча