Илим Карыпбеков Эверест чокусуна болгон биринчи аракети болбой калып, көгөрүп экинчи жолу бийиктикти ийгиликтүү багындырганын Президенттин маалымат саясатынынын жетекчиси Данияр Орунбеков жазды.
«Дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган 3-кыргыз. Көк бет, тайманбас, эр жүрөк, эрктүү экенсиз! Куттуктайбыз, сиздин жемиштүү ийгилик үчүн көптүн арасында мен дагы кубанычтамын!»,-дейт Орунбеков.
«Биринчи аракетинде дээрлик чокуга жакын барган, экинчи сапары 9 күндөн кийин аткарылды. Муну 10 күн ичинде чокуга эки жолу чыгуу менен салыштырса болот. Эмне деген күч талап кылат?»,-деп кошумчалады ал.