
28-февралда түшкөн кар көчкүдөн улам Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатында 8 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС Times of India гезитине таянып жазды.
Маалыматка караганда, куткаруучулар дайынсыз жоголгон акыркы адамдын сөөгү табылган соң, издөө иштери токтотулганын билдирген. Куткаруу иштери эки күнгө созулган.
Белгилей кетсек, 28-февралда Индиянын Уттаракханд штатында кар тазалап жаткан 57 жумушчу кар көчкүдө калгандыгы, жарымынан көбү куткарылгандыгы кабарланган.