Инспекторду машинасынын капотунда сүйрөп, из жашырып кетти делген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 4-сентябрь кечке жуук Дордой-1 жаңы конушунда болгон.
«Инспектор жол жээгинде бензин сатып жаткан кишини байкап калган. Милиция кызматкеринин талаптарына баш ийбей, аны сүзүп, капотуна сүйрөп туруп качып кеткен», — деп айтылат маалыматта.
25 жаштагы шектүү бүгүн кармалып, «Бийлик өкүлүн коркутуу же зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча иш козголду.