Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат

Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, эми социалдык тармактарда бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат.

Мыйзам «Эркин-Тоо» гезитине 31-январда жарыяланып, 10 күндөн кийин күчүнө кирери белгиленген.

31 Январь 2025 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча