Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учагындагылардын баары көз жумду деп эсептелүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Тилекке каршы, Иран президентинин тик учагынын кыйрашынан улам ичиндегилердин баары каза болгон деп эсептелинүүдө», — деп жазылат маалыматта.
ЖМКлар жекшембиде Раиси менен Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахианды ташыган тик учак өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган чөлкөмүнө кырсыкка учураганын жазып чыгышкан. Жерине куткаруу топтору барып, издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Маалыматтарда бортто өлкө башчыдан сырткары эки аткаминер, имам жана экипаждын мүчөлөрү болгону айтылууда.