Ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган адамдар кармалды

Ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочуну коркутуп, 2 миң доллар суммасындагы акча каражатын опузалап талап кылышкан жарандар кармалды.

29-январь күнү белгисиз тараптар жаранга карата күч колдонуп, аны Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаага салып, Ош шаарынын асфальт-бетон заводунун районундагы Ак-Буура дарыясына алып барып, коркутушуп, анын 600 доллар акча каражатын опузалап алып алышкан. Ошондой эле калган акчасын 5-февралга алып келүүнү талап кылышкан. Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 1991-ж.ылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган.

14 Февраль 2024 жыл 13:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча