Иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөрдүн баары эми дем алыш болот

Министрлер кабинети 2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу токтомун жокко чыгарды.

Токтомго ылайык, иш күнү деп жарыяланган ишемби күндөрдүн баары эми дем алыш болот. Жаңы Эмгек кодексине ылайык, кыргызстандыктар 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрь күндөрү эс албайт, иштейт. Ошондой эле ишемби же жекшембиге туш келген майрамдарды жылдыруу ыкмасы да жоюлду.

4 Февраль 2025 жыл 11:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча