2024-жылдын 12 айында Бишкек шаарында «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына 10 миң 270 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.
Бишкек шаардык прокуратурасынын укуктук статистика чөйрөсүндөгү көзөмөл бөлүмүнүн улук прокурору Миргүл Осконалиева билдиргендей, бул 2023-жылга салыштырмалуу 2 268 материалга, же 21,1%га көп. Өткөн жылы 8 миң факты катталган.
Анын ичинен Бишкек шаарынын ички иштер органдары тарабынан 1 912 протокол түзүлүп, 1 848 материал сотко жиберилген. Сотко жиберилген материалдын ичинен 392 укук бузуучулар коомдук иштерге тартылышып, 1 230 укук бузуучу камакка алынган, 3 адамга айып пул салынып, ал эми 223 протокол соттун өндүрүшүндө калган.
Катталган үй-бүлөлүк зомбулуктун ичинен 72 эркектерге карата, 1 840 аялдарга карата жасалган.