Үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөн жаран, 15 жаштагы кызын зоордуктоого шектелүүдө

Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу милицияга 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында билдирүү түшкөн.

Аталган факт Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Шектүү 10 жылдан бери жабырлануучу кыз жашаган үйдүн үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөн», – деп кошумчалашты облустук милициядан.

23 Сентябрь 2023 жыл 8:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча