Тышкы иштер министрлиги Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөн көк пар боюнча Казакстан менен Кыргызстандын командаларынын финалында болгон чуу боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Маалым болгондой, 12-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын ортосунда көкпар боюнча мелдештин финалы өткөн.
«Бул биздин боордош өлкөбүз. Биздин мамилебиз жакшы. Эгер спорт жаатында кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, бул — спорт. Эч кандай саясат жок. Биз кылымдар бою кошуна болуп келгенбиз, боло беребиз», — деди Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.
Ал эми журналисттер Смадияровго бул чуу эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине таасир этеби деп суроо салышкан.Айбек Смадияров болсо, ат үстүндөгү көк бөрүчү жигиттердин эмоциясы ашып-ташып турат деген пикирин айтты.
«Көрбөдүңөрбү, булар ат үстүндөгү каны кайнап турган кишилер. Эмоция болуп турат. Бул мамилеге эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул бир эле оюн, анын жыйынтыгы менен биздин бүт мамилебизди чийип салуу эч кандай жакшылыкка алып келбейт», — деп түшүндүрдү ведомствонун расмий өкүлү.