Кечээ, 21-февралда саат 15:00 чамасында Каракол – Эңилчек автоунаа жолуна кар көчкүсү түштү. 3 ирет түшкөн көчкүнүн көлөмү 23 000 метр кубду түздү. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматынан кабарлашты.
Райондук жол тейлөө ишканасынын жолду бир тараптуу ачышты, учурда жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Ошентсе да аталган жолдо жүрүүнү убактылуу токтото туруңуз.
Себеби кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору болгондуктан, адам өмүрүнө кооптуулук жаралганына байланыштуу Ак-Суу райондук РМАнын №39 тескемесинин негизинде аталган жол 25-февралга чейин жабылды.
Белгилей кетсек, 19-февралда 76-83-чакырым аралыктарында көлөмү 24 769 м³ кар көчкү түшкөн.