Чүй районунун Кегети айыл аймагындагы бийик тоолуу Көл-Төр көлүнүн деңгээли көтөрүлүп, суу ашып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, көлдү көзөмөлдөө жана сифон ыкмасында суу түтүгүн орнотуу үчүн 3-августта куткаруучулар Кегетиге чыгышкан.
Ал эми анын абалын текшерүүгө, изилдөөгө Өзгөчө кырдаалдарга божомолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинен 2 кызматкер, коопсуздандыруу иштерине ӨКМдин Чуй облустук башкармалыгынын 24 куткаруучу жеринде иштешти.
«Куткаруучулар сифон ыкмасы менен сууну азайтуу максатында 150-диаметрдеги 138 метр желим түтүк орнотушту. Эртең, 4-августта дагы 135 метрлик түтүктөн экини орнотуу пландалууда»,-деп айтылат маалыматта.