Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен мурдагы мэр кармалды

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, криминалдык чөйрөдө «Потап» лакап аты менен белгилүү болгон экс-мэр С.Т.К. Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгон. 2017-жылы ал Көлбаевдин Чолпон-Ата шаарындагы бизнес долбоорлорун жүргүзүү үчүн аталган шаардын мэри болуп шайланганы аныкталган.

УКМК мындан тышкары экс-мэр криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алганын билдирди.

Аталган фактылардын негизинде С.Т.К. кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген.

20 Март 2025 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча