Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде талаптар аткарылган эмес

21-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлери Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышкан. Барган учурда бир нече мыйзам бузуулар аныкталганын билдиришкен.

«Атап айтканда, температуралык режим сакталган эмес: мекеменин коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°C, ал эми уктоо бөлмөлөрүндө +11°C ден +13°C ке чейин жетет. Мунун айынан кызмат алуучу адамдар бөлмөлөрдө сырткы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болушууда, ошондой эле уктоочу матрастар антисанитардык абалда. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык, имарат ичиндеги температура +18°C ден +24°C ге чейин болушу керек.

Ошондой эле тамак-аш системасында да кемчиликтер табылган: тамак аштарды даярдоо үчүн, ашкана кызматкерлеринин айтымында, кампадан жыйырма килограмм чийки эт алынган деп көрсөтүлгөн, бирок иш жүзүндө болгону сегиз килограмм бышырылган эт болгон. Андан сырткары, бир ашкана кызматкеринде санитардык китепче жок болуп чыккан. Аныкталган фактылар боюнча акт түзүлүп, тиешелүү органдарга жөнөтүлөт»,— деп айтылган маалыматта. 

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратып, факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

27 Ноябрь 2024 жыл 10:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча