Кечээ, 13-октябрда Бишкекте саммит учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кайгуул кызматкерин жеңил унаа сүзүп кетти. Кырсык учуру тартылган видео соцтармакта тарады.
Кырсык шаардын Жибек жолу жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Видеодон кайгуул кызматкеринин кыймылды токтотуу үчүн таякчасын көтөргөнүн, бирок айдоочу токтобой, аны сүзүп кеткени көрүүгө болот. Кызматкер кандай жаракат алганы азырынча белгисиз.