Кайрат Примбердиевдин мурунку жубайы ырдап чыкмай болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен эки жолго түшкөнүн жазып чыккан мурдагы жубайы Эльвира Бегалиева ырчылык карьерасын баштай турганын айтты.

«Менде жакшы жаңылык бар. Мен карьерамды баштайын деп чечтим. Бул тайманбас жана аң-сезимдүү кадам. Сиздердин колдооңузга үмүттөнөм. Алгачкы ырымды тезирээк чыгарганга аракет кылам»,- деп жазды ал.

Буга чейин Кайрат Примбердиев да, Эльвира Бегалиева да пост жазып, экөө эки жолго түшкөнүн билдиришкен.

9 Январь 2025 жыл 13:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча