Камала Харрис шайлоодо утуп чыккан Трампты куттуктады

Америкадагы президенттик шайлоодо утулуп калган Камала Харрис шайлоодо утуп чыккан Американын жаңы президенти Дональд Трампка телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Камала Харрис тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп, тарапташтарын кайгырбоого чакырды. Демократиялык баалуулуктар үчүн күрөш тынымсыз улана турганын айтты.

Бул ирет демократтар республикачыларга Ак үйдү эле эмес, Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктү да жеңдирип жиберди. Ошентсе да күчтөрдү бөлүштүрүү алдыда күтүлгөн иш.

Харрис эмгек жолун Аламеда округунун прокурору болуп баштап, 2004-2011-жылдары Сан-Францисконун башкы прокурору болгон.

Андан соң ал Калифорниянын башкы прокурору болуп дайындалган. Ал Американын калкы эң көп штатында бул кызматка шайланган биринчи аял жана өңү башка биринчи адам болгон.

Мунун аркасы менен ал 2016-жылы Калифорниянын АКШ сенатору болгон. Харрис комитеттик угууларда таамай аргументтери, курч суроолорунан улам прокурордук стили менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Жо Байден 59 жаштагы Харристи эл алдына алып чыккан жана аны вице-президенттикке талапкер катары өзүнүн тизмесине кошкон болчу.

7 Ноябрь 2024 жыл 11:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча