2023-жылдын октябрында өлтүрүлгөн кримавторитет Камчы Көлбаевдин бир тууган агасы Жолдошбек Көлбаев апасы Майя Алиеванын атынан президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге кайрылуу жасады. Видеокайрылууну адвокат Бактыбек Жумашев Facebook баракчасына жарыялады.
Жолдошбек Көлбаев өзү бир нече жыл Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти болгон. 2024-жылдын мартында ал кызматынан кеткен.
Көлбаевдин бир тууганы кайрылуусунда апасына «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылганын билдирди. Ал бул ишти «адилеттүү жана мыйзам чегинде» кароону өтүнөт. Анткени, бүгүнкү күндө бардык мүлктү конфискациялоо боюнча сот ыкчам жүрүп, отурум алардын үйүндө өтө баштады дейт.
«Апабыздын оорусуна байланыштуу сиздерге кайрылууга аргасыз болдук, апам инсульт алып, төшөктөн тура албай, үнү да жакшы чыкпай жатат. Ошол себептен кайрылууга аргасыз болуп турабыз. Апама карата козголгон кылмыш иши учурда Октябрь райондук сотунда каралып жатат. Атабыздан калган үй-мүлкүбүздү, неберелерибиз жана балдарыбыз жашап жаткан үйлөрдү конфискациялоо боюнча сот процесси шашылыш өтүп жатат. Апамдын оорусуна карабай сот отуруму үйдүн ичинде да өтүп жатат. Бирок бир дагы жабырлануучу жок, бир дагы арыздануучу болгон эмес», — деди ал.
Көлбаев 1990-жылдан бери атасынан калган жерлерде дыйканчылык кылып келерин, эч кандай мамлекеттик кызматтарда иштебегендерин кошумчалады.
«УКМКнын кызматкерлери биздин бардык мүлкүбүздү текшерип чыгышты, биз эч качан саясатка аралашкан эмеспиз, өзүбүздүн оокатыбызды кылып келе жатканбыз. Ушул жагдайлардан улам апабыздын сөзүн жеткирели деп аргасыздан кайрылып жатабыз. Үй-бүлөбүздүн атынан биздин ишибизге көңүл буруп, адилеттүү, мыйзам чегинде чечим чыгарууңуздарды суранабыз. Мен өзүм дагы сиздер менен жеке жолуксам, көп нерсени түшүндүрүп берет элем», — деди ал өз кайрылуусунда.
Жактоочу Бактыбек Жумашев сот процесси мыйзам бузуулар менен өтүп жатат дейт. Ал жактап жаткан Мая Алиеванын ооруп жатканына карабай, сот отурумдары анын батиринде өтүүдө деп белгиледи.
«Алиева аябай оор абалда… Күн мурда батирге катчы, прокурор жана адвокаттар келишип, көчмө сот өттү. Алиеванын төшөктө жатканын, эки жолу инсульт алгандан кийинки абалы сот отурумуна катышууга мүмкүнчүлүк бербей турганын баарыбыз көрдүк. Бирок, анын оор абалына карабай судья Т. Бегалиев сот процессин баштап, айыптоо корутундусун жарыялады. Ошол эле учурда Алиева өзү да катуу толкундангандыктан эмне болуп жатканын толук түшүнбөй, соттун суроолорунун бирине түшүнүксүз жооп берген. Ушул жерден судья процессти токтоткон», — деп белгилейт Жумашев.
Эске салсак, Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлгөндөн кийин УКМК маркумга тиешелүү болгон үйлөр менен объектилердин видеосун жарыялаган.
Мамлекеттик комитет мүлктү 1 миллиард долларга баалаган.
Бүгүнкү күндө УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар дегендерди кармап, ошондой эле маркумдун өзүнө, анын жакындарына тиешелүү мүлктөрдү таап, мамлекетте өткөрүү иштерин улантып келет.