Камчыбек Ташиев 36 чек арачыга батирлердин ачкычын тапшырды

Бүгүн, 12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында УКМКнын Чек ара кызматынын 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Төрт кабаттуу үй аскер шаарчасынын аймагына курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.

Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, УКМКнын Чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев, КР Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Имараттагы батирлердин орточо аянты 62-87 кв.м. Жаңы турак жай комплексинде көмүр сактоочу кампасы, өзүнчө откана, балдар аянтчасы жана унаа токтотуучу жайы бар.

12 Сентябрь 2023 жыл 17:11

Тема боюнча