Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев алдамчылык фактысы боюнча кармалган бажасы дагы деле СИЗОдо отурганын айтты. Бул тууралуу ал УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга берүү иш-чарасында билдирди.
«Бүгүнкү күндө УКМКнын СИЗОсунда менин бир тууган бажам отурат — менин жубайымдын бир тууган эжесинин күйөөсү. Ал дагы чоң кызматтарда иштеп жүргөн эле киши, милициянын полковниги. Бирок алдамчылык кылып, менин атымдан туура эмес иштерди кылган экен. Мына эми 3 айдан бери СИЗОдо отурат. Кимди алдаган болсо ошолорго акчасын төлөп берет, андан кийин мыйзамдуу жазасын алып бошотулат», — деди Ташиев.
Эске салсак, Камчыбек Ташиевдин бажасы июль айында УКМК тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалган.