Камчыбек Ташиев Катардын коргоо министри менен жолукту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Катарга сапар менен барып, аталган өлкөнүн коргоо министри Халед бен Мухаммед аль-Атыйя менен жолугушту. Бул тууралуу катардык басылмалар жазды.

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы, аны бекемдөө маселелери талкууланган. Ошол эле учурда сүйлөшүүдө кайсы маселелер тууралуу сөз болгону айтылган эмес.

Бул жолугушууга эки мамлекеттин башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан.

21 Октябрь 2024 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча