
Ундун баасынын көтөрүлгөндүгү боюнча маселе көтөргөн депутаттар Марлен Маматалиев менен Тазабек Икрамовго УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылды.
«Ундун баасы көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтарым, баа көтөрүлөтбөйт. Мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура казактардын унунун баасы көтөрүлдү. Ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт. 1-сорт ундун баасы 30 сом, бир кап ун 1500 сом. Жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт. Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Так что, Жогорку Кеңештин депутаттары Маматалиев, Икрамов, тормозни — Сникерсни!» — деп жазды ал.
Ага чейин Жогору Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев менен Тазабек Икрамов ундун баасынын кымбаттап жатканын сынга алышкан.