Камчыбек Ташиевге кол тийбестик берүү сунушталды

Элдик курултайда Жалал-Абаддан келген делегат Элмира Жуманова мамлекеттик тууну өзгөртүүнө каршы пикирин билдирди. Анын бул сөзүн зал кол чабуу менен коштоду.

Ал мындай жыйындарды аймактарда өткөрүп, Баткенден баштоону сунуштады.

Элмира Жуманова Жогорку Кеңештин депутаттарын  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кол тийбестик берүүгө чакырды.

«Биздин элдик генерал бүт өмүрүн мамлекетке арнады. Кандай күрөш жүрүп жатканын көрүп турасыздар, парламент ага кол тийбестикти берсе», — дейт ал.

16 Декабрь 2023 жыл 9:47

Тема боюнча