Кантта окуучулар мушташып, бири каза болду

Кантта окуучулар мушташып, алардын бири ооруканада эсине келбей каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Окуя 22-январда болгон. Кант шаарындагы №3 мектептин эки окуучусу мушташып, алардын бири оор жаракаттан улам ошол эле күнү ооруканага жаткырылган. Ага операция жасалып, кийинчерээк Бишкектеги жеке клиникага которушкан. Ал 25-январь күнү ооруканада каза болгон.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, тергөө иштери уланууда.

26 Январь 2025 жыл 16:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча