Кара-Балта шаарында жоголгон 4 жашар кыз 4 күндөн кийин Бишкектен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 19-августта жаран Р.У. Рысбекованын 17-августта дайынсыз жоголгон 2019-жылы туулган жээни Сумаяны издөөгө көмөктөшүү боюнча арыз келип түшкөн.
Бул факты Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Бүгүн, 21-августта кыз Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборлорунун биринен табылган.