Кара-Көл милициясы кичинекей кызга карата ыплас аракеттерди жасаган шектүүнү камакка алды

Кара-Көл милициясы кичинекей кызга карата ыплас аракеттерди жасаган шектүүнү камакка алды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Окуя боюнча жабырлануучу тарап 11-апрель күнү Кара-Көл ШИИБге арыз менен кайрылган. Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып териштирүү башталган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 31-март күнү болгону такталган жана 158-берене (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, 18-апрель күнү 62 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну камакка алынган. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

19 Апрель 2024 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча