Кара-Көл шаарынын борбордук аянтындагы балаты быйыл дагы өрттөнүп кетти

Кара-Көл шаарынын борбордук аянтындагы балаты өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт 29-декабрга караган түнү 00:50 чамасында чыккан. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Эске салсак, Кара-Көл шаарындагы жаңы жылдык балаты былтыр да өрттөнүп кеткен. 2022-жылдын 23-декабрь күнү саат 05:00 чамаларда милицияга чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жатканы кабарланган. 2021-жылы да жыл жаңырар алдында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткен.

29 Декабрь 2023 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча