Кара-Көлдө жылына 1 млн тонна цемент чыгаруучу завод курулат

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына Кытайдын Цзянсу провинциясынан келген Chengyuan Port Group компаниясынын жетекчилиги менен бирге цемент заводун куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууга резиденттин өкүлү Тилек Текебаев катышып, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мындагы завод жылына 1 млн тонна цемент чыгаруу кубаттуулугуна ээ болуп, алгач анда чалгындоо жана техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу аракеттери көрүлмөкчү. Алдыдагы убакытта келишим түзүлүп, 2025-жылы жумуш баштоо пландалды.

30 Декабрь 2024 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча