Кара-Кулжада жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош олбулстук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
9-апрель күнү саат 22:05 чамасында Кара-Кулжа районунда ошол эле айылдын 1969-жылы туулган тургунун айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кесепетинен жүргүнчү ошол жерде каза болгон.
10-апрель күнү Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочунун өздүгү аныкталып, кармалган. Айдоочу ошол эле айылдын тургуну болгон. Унаасы кызыл түстөгү Хонда -HRV болгон.