Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун, Чалма айылынын жолуна асфальт төшөлгөн. Жолдо унаа айдап бара жаткан айдоочу мындай жакшы шарт түзүп бергени үчүн, Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.
Ал өз сөзүндө кезинде бул райондон президент чыкканда дагы мындай иштер аткарылбаганын айтып, бийликтин кылып жаткан алгылыктуу иштерин байкоого чакырды.