Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кармалды

Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун маалыматынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, аны УКМК жерди мыйзамсыз берип койгон деп шек санап кармаган.

23-июлда сот тергөөчүнүн шектүүнү үй камагына алуу өтүнүчүн канааттандырбай, эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде коё берген.

Эске салсак, 19-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто жыйын өткөрүп, анда жергиликтүү бийликтегилер мамлекет трансформациялап берген жерди сатып жатканын айткан.

24 Июль 2024 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча