«Кара-Суу унаажол» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту кайрадан ишке кирди

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кара-Суу унаажол» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту кайрадан ишке кирди. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышканын Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Бакыт Төрөбаев чек арадагы пункттун кайрадан ишке киргизилиши – эки өлкөнүн президенттеринин чечкиндүү саясий кадамдарынын негизинде аткарылганын айтты.

«Буга чейин көп убакыт кезекте туруп «Достук-унаажол» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүп келген Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынын бир бөлүгүнө «Кара-Суу – унаажол» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүүгө шарт түзүлөт. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири – бул эл аралык өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу жана жарандардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү», – деди Төрөбаев.

«Кара-Суу – унаажол» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту – Кыргызстан тараптан Ош облусунун Кара-Суу шаарынын аймагында, ал эми Өзбекстан тараптан Андижан облусунда жайгашкан. Көзөмөлдөө-өткөрүү пункту мындан 14 жыл мурда убактылуу иштебей калган. Учурда кайрадан ишке киргизилген бул пункт бардык талаптарга жооп берет.

12 Сентябрь 2024 жыл 14:39

Тема боюнча