![](https://bia.kg/wp-content/uploads/2023/08/Screenshot_2023-08-29-00-16-13-509_com.google.android.googlequicksearchbox-edit.jpg)
Ош облусунун Кара-Суу районунда эркек киши аялы менен 13 жашар кызын сабап салды. Бул туурасында укук коргоочу Назгүл Турдукулова өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
Анын билдирүүсүндө 27-августта аял менен кыз оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылганы айтылат.
«Бул үй-бүлөнүн улуу кызы жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Андан тышкары кичинекей балдары да бар. Зомбулук күчөп жатат», — деп жазды Турдукулова.
Бул окуя туурасында, Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуя такталып жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирди.