Каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан автобустун айдоочусу жумуштан четтетилди. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыганан билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, жол чырактын кызыл түсүнө токтобай, айдап кеткени тартылган видео тартылган.
Бул маалымат боюнча кайгуул кызматынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери автобустун айдоочусун таап, каршы тилкеге чыккандыгы жана жол чыракка баш ийбегендиги үчүн 20 миң 500 сом айып салышты. Ал эми айдоочунун ишмердүүлүгү коммиссиянын кароосунда каралып, баардык айып пулдарын төлөтүү менен жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды.