Карындаштарынын жыныстык органдарын сүрөткө тартып, жайылтты делген жаран кармалды

Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 3-майында жаран Кара-Балтадагы өз үйүндө 2013 жана 2014-жылы туулган карындаштары уктап калганынан пайдаланып, ич кийимдерин чечип, уюлдук телефонуна жыныстык органдарын сүрөткө тартып, аккаунтуна сактай башташкан. Мындан тышкары, жаранда интернеттен ар кандай түрдөгү видеоматериалдар да сакталган, аларга жаш балдардын катышуусу менен сексуалдык зомбулукка дуушар болгон бузукулук көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн өлкө аймагынан чыгып кеткени аныкталган. Ал Орусияда кармалып, Кыргызстанга алынган. 2003-жылы туулган жаран соттун чечими менен 1 айга камакта калтырылган.

26 Март 2024 жыл 10:49

Тема боюнча