Карыпбеков Анжеликанын чыгармачылыктан кеткени тууралуу пикирин билдирди

Ырчы Анжелика Кайратова жакында эле Бишкектеги ресторандардын биринде 35 жылдык мааракесин белгиледи. Иш-чарада ал он жылдык чыгармачылык тыныгуу жарыялаганын билдирди.

Ырчынын айтымында, бул учурда ал ыр чыгарбайт жана клип тартпайт.

«45 жашымда ырдаймбы же жокпу белгисиз. Мен карапайым аял болгум келет. Он жылдан кийин үч томдук китеп жазам. Айрыкча бизнеске басым жасап, инвестициялык компанияларымды өнүктүргүм келет жана кайрымдуулук иштери менен алектенем«,-деди журналисттерге Анжелика.

Анжеликанын китебинин бет ачар текчесинде анын 12 активдүү бизнес долбоорлору бар экени көрсөтүлгөн.

Салтанатта ырчы «12» аттуу автобиографиялык китебин тартуулады. Ал чыгарманын аталышын бул номерди жакшы көрөөрүн белгиледи.

«12-июнда саат 12.00дө төрөлгөн. Бул сан мени өмүр бою коштоп жүрөт», — деп моюнуна алды Анжелика Кайратова.

Иш-чаранын конокторунун бири, ишкер Азамат Кылычев Анжеликанын китеби аукциондо 17 миң долларга сатылып алынганын билдирди.

Андан көп өтпөй Илим Карыпбеков бул тууралуу пикирин өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анжеликанын 17 миң долларлык китеби жана чыгармачылыктан кеткени тууралуу сарказм аралашкан билдирүү жазды.

15 Июнь 2024 жыл 8:07

Тема боюнча